Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда дагы 2 адам коронавирустан айыкты

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 276 | 0

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 2 адам COVID-19 коронавирусунан айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов бүгүнкү брифингде маалымдады.

Маалыматка ылайык, айккан аял жана эркек ооруканадан чыгарылды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустан жалпы 5 адам айыкты.

Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 116 кишиге жетти. Ошондой эле учурда беш киши реанимацияда жатат. Алардын ичинен 2 киши Ноокатта, 2 киши Ошто,бирөө Жалал-Абадда. Алардын ичинен жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган экөө оор абалда.

Учурда өлкө боюнча 1708 адам обсервацияда.

Copyright © 2017 Maral FM