Биз менен байланышыңыз

Азыркы кырдаал экономикага кандай тобокелчиликтерди алып келет?

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 777 | 0

Азыркы кырдаалдагы абал Кыргызстандын экономикасына төмөнкүдөй макроэкономикалык тобокелчиликтерди алып келет:

  • тышкы суроо-талаптарды кыскартат, негизги соода өнөктөш-өлкөлөр менен сооданын шарттарын оордотот;
  • эмгек мигранттарынын инвестициясынын жана акча каражаттарынын агымынын кыскарышы (акыркы керектөөчүгө чыгымдардын суммасы жана дүң жыйноо) менен шартталган экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө байланыштуу ички суроо-талапты кыскартат;
  • калктын кирешесинин кыскартылышы;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин тартыштыгын көбөйтөт;
  • коронавируска каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууга кеткен чыгымдарды көбөйтөт;
  • убактылуу ишмердүүлүгүн токтоткон ишкерлерди жана чарба субъектилерин колдоо боюнча чараларды ишке ашыруу чыгымдарын көбөйтөт;
  • калктын аярлуу катмарларына (аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө) максаттуу жардам берүүгө чыгымдарды көбөйтөт;
  • экономиканы турукташтырууга чыгымдарды көбөйтөт;
  • инфляциянын деңгээлин көтөрүлүшүнүн жана баалардын кымбатташынын тобокелчилиги.

Copyright © 2017 Maral FM