Биз менен байланышыңыз

Үй карантинин сактабаган 8 жаран милдеттүү түрдө обсервацияга алынды

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 917 | 0

Үй карантинин сактабаган Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 жараны милдеттүү түрдө обсервацияга алынды. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Алар үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында облустук ыкчам штабынын чечими менен жалпы айыл эли изоляцияга алынды.

Республика боюнча коронавирус тастыкталган 107 учур бар.  Алардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам. Үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эки жарандын абалы орточо оор, бир жаран жасалма дем алдырууга кошулду.

Copyright © 2017 Maral FM