Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңеши жетишсиз иштери үчүн Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө чара көрүүнү сунуштады

Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 409 | 0

Коопсуздук кеңеш бүгүнкү жыйынында премьер-министрге өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын киришин алдын алуу боюнча жетишсиз иштери үчүн Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө чара көрүү сунушун киргизди. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузгандардын санынын өсүшү алдын алуу чараларын көрүү боюнча канааттандыралык эмес иштердин натыйжасы болуп саналаарын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ишинде кетирилген кемчиликтери үчүн, биринчи кезекте, өлкө аймагына илдеттин жайылышына кошумча фактор болуп берген, жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдардын тобун өз маалында аныктабагандыгы үчүн республикалык штабдын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн сынга алды.

Коронавирус жуктуруп алгандарды жана алар менен байланышта болгондорду аныктоо боюнча иштерди координациялоо республикалык дагы, жергиликтүү деңгээлде дагы канааттандырарлык эмес жүргүзүлгөндүгүн билдирди.

Президент лабораториялык изилдөөлөрдү өткөрүүгө өз маалында даярдык болбогондугу, лабораториялардын медициналык техникалар менен жетиштүү жабдылбагандыгы жана тестирлөөгө керектөөчү материалдардын запасы жетишсиз даярдалгандыгы үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн өзүнчө сынга алды. Ошондой эле медиктерди жеке коргонуусу үчүн зарыл болгон каражаттар, бүгүнкүдөй шартта алардын күнүмдүк иши үчүн зарыл болгон транспорт жана башка керектүү каражаттар менен камсыздоо боюнча начар иштери сынга алынды.

«Январда сиз биздин лабораториялар даяр деп маалымат бердиңиз эле. Чындыгында андай эмес экен. Тестирлөө реагенттери жетишсиз болуп чыкты. Министрлик өз убагында ыкчам чараларды көрүүсү зарыл болчу», — деп белгиледи Мамлекет башчысы, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылып.

Президент Сооронбай Жээнбеков комендатуралардын ишмердигине карата жарандардын нааразычылыгы болуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле өлкөнүн өткөрмө пункттарындагы карантиндик-санитардык постторунун ишмердигине, келип жаткан жарандарды текшерүү боюнча иш жетишсиз уюшулганына көңүл бурду.

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча Өкмөткө бир катар сунуштар киргизилди.

Алардын катарында бейтаптарды коронавирус инфекциясынан дарылап жаткан ооруканаларга, обсервацияларга, санитардык посттордун ишине тартылган врачтардын жана медициналык орто персоналдын ишмердүүлүгүнө дем берүү жана натыйжалуулугун арттыруу максатында аларга бир жолку материалдык сый акы төлөө маселеси бар.

Ошондой эле өзгөчө абал жарыяланган калктуу пункттарга эң зарыл болгон товарларды жана социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдү жеткирүү жана ишке ашыруу алгоритмин иштеп чыгуу сунушталды.

Copyright © 2017 Maral FM