Биз менен байланышыңыз

Нарын: Транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 496 | 0

Коронавирус илдетин алдын алуу максатында элдердин социалдык байланышына убактылуу чектөө киргизүү талап кылынууда. Буга байланыштуу Нарынга кирип-чыккан транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ошол себептен бүгүн, 31-марттан баштап Нарынга кирип-чыккан автоунаалардын каттамына бөгөт коюлуп, постторго көзөмөл күчөтүлдү.

Облус жетекчилиги тарабынан облустун аймагындагы эл каттамын, транспорт кыймылын көзөмөлгө алуу, тартипти катуу сактоо боюнча Нарын облустук ички иштер башкармалыгына тапшырма берилген.

Учурда башкармалыктын кызматкерлери облустун аймагындагы 13 санитардык-карантиндик постто күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Азык-түлүк, дары-дармек жана жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө зарыл болгон каражаттарды алып өтүүгө тоскоолдук болбойт.

Copyright © 2017 Maral FM