Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө коронавируска 785 миң адам кабылып, 37 миң адам көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 478 | 0

Дүйнөлүк коомчулук тез ылдамдык менен таралып жаткан SARS-CoV-2 коронавирусу менен күрөшүп келе жатат. COVID-19 пневмония козгогучунан 31-мартка карата дүйнө жүзү боюнча 785 миң адам жабыркап, 37 миң адам өлүмгө дуушар болду.

Эл аралык Worldometer волонтерлор тобунун маалыматына караганда, вирус 199 өлкөнүн аймактарына тараган. Бардыгынан көп жабыр тартып, курманчылык көп болгон Италия мамлекети болсо, ооруну жуктуруунун деңгээли боюнча АКШ алдыңкы сапка чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM