Биз менен байланышыңыз

Ош: Аз акы алып иштеген мээрбан айымдарга ун берилет

Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 461 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кечээ, 30-мартта шаардык клиникалык ооруканасынан кабар алып, дарыгерлерге атайын медициналык формаларды тапшырып, аз акы алып иштеген мээрбан айымдарга 5 тонна ун бердирмей болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Шаар жетекчиси дарыгерлердин суроолоруна жооп берип, керектүү жардамдар көрсөтүлөрүн билдирди.

Азыркы кырдаалда эң башкы байлык ден соолук экенин бүт дүйнө эли түшүнүп, сезди деп ойлойм.  Анткени оору тандап келбейт экен. Коомчулукта ак халатчандарга, милиция кызматкерлерине болгон сый-урмат күчөдү. Эл силердин эмгегинерди көрүп, билип турат. Мындай кырдаалда баарыбыз жапатырмак биригип, биргеликте күрөшүүбүз керек , — деди Сарыбашов.

Буга чейин мэрдин тапшырмасы менен шаардагы ооруканаларда, поликлиникаларда иштеген медицина кызматкерлерине арзан баадагы 1700 каптан ашык ун таратылган. Ош шаарына өзгөчө абал киргизилгенден кийин дарыгерлерди ташууга 28 кичи автобустар уюштурулуп, күйүүчү май мэрия тарабынан берилүүдө. Жолугушуудан кийин шаардык мэрия тарабынан ооруканада аз айлык алып иштеп жаткан мээрбан айымдарга 5 тонна ун акысыз бериле турган болду.

Copyright © 2017 Maral FM