Биз менен байланышыңыз

Учурда 1459 адам обсервацияда

Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 441 | 0

Бүгүнкү күндө 1 миң 459 жаран обсервацияда жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгондор обсервацияга киргизилген.

Обсервацияда жаткандардын ичинен Бишкекте 401, Чүйдө, 115, Ош шаарында 125, Ош облусунда 231, Жалал-Абадда 79, Баткенде 199, Нарында 108, Таласта 146, Ысык-Көлдө 55 адам жатат. Жалпы ооругандар менен 1 миң 954 адам байланышта болгон. Алардын 1 миң 528и жакын байланышта болгон үй-бүлө мүчөлөрү жана кошуналар, — дейт ал.

Кыргызстанда жалпы тастыкталган учурлардын саны – 94. Алардын ичинен:

Жалал-Абад облусунда – 50;

Ош облусунда – 24;

Чүй облусунда – 3;

Баткен облусунда – 1;

Ош ш. – 8;

Бишкек ш. – 7;

Нарын облусунда – 1 учур.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур катталган.

Вирус жуктуруп, ооруканага жаткандардын үчөө бүгүн вирустан сакайып, үйлөрүнө чыгарылды.


30-март: Дагы 10 адамдан коронавирус аныкталды

Copyright © 2017 Maral FM