Түркияда COVID-19 коронавирусунан 131 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
Ал эми коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 9200дөн ашты. Аны менен катар 105 жаран илдеттен айыгып, үйлөрүнө чыгарылган.
COVID-19 илдетине кабылгандардын арасында полиция кызматкерлери, дарыгерлер жана футболисттер да бар.
Коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында Түркия 27-мартта бардык эл аралык каттамдарын токтоткон.