Биз менен байланышыңыз

Түркияда жол чырактарда «Үйүңө бар» деген жазуулар пайда болду (фото)

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Мар 2020 | 952 | 0

Түркиянын бир катар шаарларында жол чырактарда «антикоронавирустук» чакырык таштаган жазуулар пайда болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматта айтылгандай, жол чырактардагы жазуулар жарандарды үйүнөн чыкпоого чакырууда. Жашыл күйгөндө «Үйүңө бар» деген жазуу чыкса, кызыл жанганда «үйдө бол» деген жазуулар чыгат.

Маалым болгондой, учурда Түркияда коронавирус жуктургандардын саны 7 миңден ашты. Статистикага күн сайын коронавирусту жуктуруп алган миңден ашык адам кошулууда. 29-мартка караган түнү эле бул өлкөдө 16 адам коронавирустан каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM