Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте эреже бузган 122 жаран кармалды

Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 377 | 0

Коменданттык сааттын 4-күнүндө, тактап айтканда бүгүн, 30-мартка караган түнү саат 20:00 — 07:00 аралыгында Бишкек шаарында эреже бузган 122 адам шаардык милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«Өткөн суткада саат 7:00гө чейин борбор калаада 122 тартип бузган жаран кармалды. Алар 23 аял, 97 эркек, анын ичинде 2 чет элдик жаран жана 2 өспүрүм», — деди Орозалиев.

Анын айтымында, коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 739 адам кармалган.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында 25-марттан 15-апрелге чейин айрым райондордо өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал учурунда жарандардын көчөдө каалагандай жүрүүсү чектелет. Кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпоо эскертилүүдө. Себеби бул мезгил аралыгында коменданттык саат жарыяланган.

Өзгөчө абал киргизилген аймактагы жарандар күндүзү саат 7:00дөн 20:00гө чейин төмөндөгү үч себеп боюнча гана көчөгө чыга алат:
✔ Дүкөндөн азык-түлүк сатып алууга;
✔ Дарыканадан дары-дармек сатып алууга;
✔ Дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу.

Учурда Бишкектин айланасында 120 блокпост коюлган. Андан өтүү муктаждыгы болгон жарандар, өткөрмө кагазы үчүн кайрылса болот. Өткөрмө кагаздары 1-2 күндүн ичинде электрондук түрдө берилип баштары айтылган.


29-март: Дагы 26 жарандан коронавирус аныкталды, жалпы 84кө жетти


 

Copyright © 2017 Maral FM