Биз менен байланышыңыз

29-март: эреже бузган 150 жаран кармалды, анын 119у Бишкекте

Кыска кабар | 29 Мар 2020 | 387 | 0

Коменданттык сааттын 4-күнүндө, тактап айтканда бүгүн, 29-мартка караган түнү саат 20:00 — 07:00 аралыгында эреже бузган 150 адам милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, 8 автоунаа айып төлөөчү жайга токтотулган.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул иш-чаралар өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда жүргүзүлгөн.

Алардын ичинен:

— Бишкек шаары боюнча 119;

— Ош шаары боюнча 15;

— Жалал-Абад шаарында 8;

— Сузак районунда 1;

— Кара-Суу районунда 10;

— Ноокат районунда 1 адам кармалган.

«Аларга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузганы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталабоо эскертилип, коменданттык саат аяктаганда бошотулду. Жалпысынан алганда 4 күндүн ичинде өлкө аймагында 939 жаран коменданттык сааттын эрежелерин бузганы үчүн милиция тарабынан кармалды», — деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин айтымында, борбор калаада 1 суткада 119 жаран эрежени бузгандыгы үчүн кармалган. Кармалгандардын арасында 104 эркек, 15 аял, жана анын ичинен 5 чет элдик жаран бар.

  • ИИМ «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык, 26-беренеде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармала турганын, жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча 3 суткадан ашпаган мөөнөткө кармала турганын эскертет.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу максатында 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек шаарында, Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

18-марттан бери Кыргызстанда коронавирус боюнча 58 жагдай катталган.

Copyright © 2017 Maral FM