Кыргызстан боюнча обсервацияда жаткандардын саны 5 миңге чукул. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
«Учурда республика боюнча обсервацияда жаткан жарандардын саны – 4886. Үй карантинде көзөмөлдөнүп жаткан жарандардын саны – 3338», — деди Мамбетов.