Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Өзбекстанда өз алдынча дарыланууга аракет кылган дарыгер көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2020 | 884 | 0

Өзбекстанда коронавирустан айыгуу үчүн өз алдынча дарыланууга аракет кылган дарыгер көз жумду. Мындай маалыматты өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Бул коңшу өлкөдөгү коронавирустан каза болгон экинчи бейтап. Буга чейин коронавирусту жуктуруп алган 72 жаштагы жаран инфаркт алып каза болгон.

Каза болгон экинчи бейтап — дарыгер болгон. 39 жаштагы маркум менен Парижден келген жарандын байланышы болгону аныкталды. Өзбекстан боюнча алгачкы жолу коронавирус Парижден Ташкентке кайтып барган ошол жарандан катталган болчу.

Министрликтин маалыматына караганда, каза болгон киши өзүнүн оорусу тууралуу билип, дарыгерлер менен кеңешпестен өз алдынча дарыланууга аракет кылган. 26-мартта ал Ташкенттеги микробиология эпидемиология жана жугуштуу ооруларды изилдөө институтуна жеткирилген. Ал эми 27-мартта вирусология илимий изилдөө институтуна которулуп, кийинчерээк каза болгон. Ал канча киши менен байланышта болгону белгисиз.

Өзбекстанда COVID-19 коронавирусу менен катталгандардын саны 104кө жетти.

Казакстанда 15 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды

Copyright © 2017 Maral FM