Биз менен байланышыңыз

Стационардык дарылоодогу бейтаптардын абалы айтылды

Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 1773 | 0

26-март саат 9:00гө карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруу боюнча жаңы жагдай катталган жок. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

18-марттан 25-март аралыгында өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган.

26-мартка арата стационардык дарылоодон өтүп жаткан бейтаптардын абалы:
122 киши – абалы канааттандырарлык
10 адам – абалы орточо оор
6 адам – реанимацияда
34 адам – канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги өзгөчө кырдаал үчүн 2290 койка даярдаган: анын ичинде стационардык жайларда 1623  койка, 715и резервде.

Коронавирус: Борбор Азияда абал кандай?

Copyright © 2017 Maral FM