Биз менен байланышыңыз

«Өзгөчө абал режими ыңгайсыздык жаратканы менен, жарандардын коопсуздугу үчүн жасалууда»

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 380 | 0

Кыргыз Республикасынын айрым аймактарындагы өзгөчө абал режими жарандарга ыңгайсыздыктарды алып келет, бирок бардыгы алардын коопсуздугу үчүн жасалууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Ага онлайн режиминде жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Белгилей кетсек, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Кубатбек Боронов өзгөчө абал режими учурунда киргизилген негизги чараларга жана убактылуу чектөөлөргө токтолуп, аларды толук аткаруу республика үчүн маанилүү экендигин айтты.

Муну менен бирге ал саат 20.00дөн 07.00 гө чейин коменданттык саат киргизилип, уруксат берүүчү атайын документи жоктордон башка бардык жарандарга көчөгө чыгууга тыюу салынарын белгиледи.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирусту жуктурган 44 учур аныкталды.

Президент өзгөчө абал режимине байланыштуу кайрылуу жасады

Copyright © 2017 Maral FM