Биз менен байланышыңыз

Обсервациядагы француз жараны сураныч менен үй карантинине чыгарылды

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 508 | 0

Обсервацияда жаткан Франциянын жараны ден-соолугуна байланыштуу жакындарынын сурануусу менен үй карантинине чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда обсервацияда жаткан Франциянын жараны инсультка кабылып, ага тийиштүү дарылануу дайындалган. Ал Улуттук хирургия борборунда изолятордо жаткан болчу.

Ден соолугунун абалы боюнча чет өлкөлүк жаранга атайын медициналык чараларды жүргүзүү талап кылынган. Ага МРТ жасалгандан кийин, ТИМдин жардамы менен бул жаран жакындарынын сурануусу боюнча үй карантинине жөнөтүлдү.

25-мартка карата, обсервация жайларында 585 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Учурда Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 44 учур катталган. Коронавирусуна чалдыккан бардык бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

Үйдөн чыгуу үчүн зарыл болгон маршруттук баракчаны кантип толтурат?

Copyright © 2017 Maral FM