Биз менен байланышыңыз

Баткенде атайын топ үй карантининдеги жарандарды текшерүүдө

Кыска кабар | 26 Апр 2020 | 436 | 0

Баткен облусунда атайын топ үй карантиндеги жарандарды текшерүүдө. Бул тууралуу аталган облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Баткен облусунун кооптуу илдет чыккан Баткен району, Баткен шаары, Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай райондорунда оору жуктурган жарандар менен байланышта болгон, үй карантининдеги жарандарды мобилдик топтор медициналык кароодон өткөрүүдө.

Дарыгерлер жарандарга үй карантининин эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен медициналык кароо жүргүзүп, анализ алышууда.

Облуста жалпы 29 мобилдик бригада иш алып барууда.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 26-апрелге карата Баткен облусунун Кадамжай районунда дагы 2 адамдан коронавирус аныкталган. Буга чейин жалпы 6 адам коронавирус менен катталып, анын бешөөсү айыгып, Баткен районунда 1 медкызматкери дарыланып жаткан болчу.


Коронавирус менен катталган 682 адам кайсы аймактардан?

Copyright © 2017 Maral FM