Биз менен байланышыңыз

Баткенде 609 адам үй карантинине чыгарылды

Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 628 | 0

Баткен облусунда 609 адам обсервациядан үй карантинине чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аларга үй карантининин эрежелери түшүндүрүлдү жана карантинде алар тийиштүү кызматкерлердин көзөмөлүндө болушат.

Учурда обсерватордо 337 жаран, ал эми изолятордо 82 жаран бар. Алар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы жана Улуттук Кызыл ай коому тарабынан керектүү шарттар түзүлүп, ысык тамак берилүүдө.

Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 280ге жетти. Алардын ичинен 30 адам коронавирустан айыгып, 4 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM