Биз менен байланышыңыз

Обсерватордун жанында жашагандарга вирус жуктуруп алуу канчалык коркунучтуу?

Кыска кабар | 21 мая 2020 | 481 | 0

Обсерватордун жанында жашаган адамдар үчүн коронавирус жуктуруп алуу көп деле кооптуу эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, обсерваторго жакын жашаган элдерге ар кандай коркунучтун алдын алган обсервациялык шарттар каралат.

Чет жерден көп жарандар келип жаткандыктан аларды кайсы жерде жайгаштыра аларыбызды карап жатабыз. Обсерваторго жакын жашаган элдерге ар кандай коркунучтун алдын алган обсервациялык шарттар каралат. Себеби ал жердеги адамдар жабык бөлмөлөрдө болуп, бирден-экиден жатышат. Алардын эл менен аралашууга мүмкүндүгү жок. Себеби обсерватор үзгүлтүксүз кайтарылып турат. Ал боюнча көп деле кооптонуунун кереги жок , — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда 21-майга карата коронавирус жуктурган 43 жаңы учур катталды. Коронавирус жуктурган учурлардын саны 1313кө жетти. Алардын ичинен 929 адам коронавирустан айыгып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM