Биз менен байланышыңыз

Кытайдан дагы 30 миң экспресс-тест сатылып алынат

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 695 | 0

Бүгүн, 25-мартта, 112 500 АКШ долларына ташуу эсеби жок кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилди. Жакынкы күндөрү экспресс-тесттер Саламаттыкты сактоо министрлигине келип түшөт. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Республикалык штабдын тапшырмасына ылайык, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги менен биргеликте медициналык каражаттарын, анын ичинде COVID-19 коронавирус инфекциясын аныктоочу экспресс-тесттерди сатып алуу боюнча иштерди жүргүздү.

Буга чейин, Кыргызстанга 22 500 АКШ доллар суммасында ыкчам тартипте 5 миң экспресс-тест сатып алынып жеткирилген. Ал экспресс-тесттер өкмөттүн эсебинен иш жүзүнө ашырылган.

Учурда Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 42 учур катталган. 25-мартка карата, обсервация жайларында 585 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Беткаптарды лицензиясыз чыгарып, сатууга убактылуу уруксат берилди

Copyright © 2017 Maral FM