Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 342 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 25-мартта Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жаан жаайт.

Тоо этектеринде жаан жаап, карга айланат. Тоолорго кар түшөт. Тоолуу жолдор тайгак болот. Батыштан секундасына 4-9 метрге жеткен шамал согот. Кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, айрым жерлерде үшүк жүрөт 0…-2

күндүз +4…+9

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, айрым жерлерде үшүк жүрөт 0…-2

күндүз +3…+8

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10

күндүз +11…+16

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10

Бишкекте жаан жаабайт. Шамал батыштан болот. Ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +7…+9.

Copyright © 2017 Maral FM