Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат

Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 999 | 0

Бүгүн Жогорку Кеӊештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат. Парламентарийлер өлкө башчысынын айрым аймактарга өзгөчө абал киргизүү боюнча Жарлыгын карайт.

Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта парламенттин маалымат кызматы билдирди. Маалыматтарга ылайык, кезексиз жыйын саат 15:00гө пландалган.

Бүгүн, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушкан. Жолугушууда өлкө башчы дүйнөдөгү жана өлкөдөгү эпидемиологиялык татаал кырдаалга байланыштуу Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын, Оштогу Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абаддагы Сузак районунун аймагына өзгөчө кырдаалдар абалын киргизүү чечими кабыл алынганын айткан. Тиешелүү жарлык Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

Өзгөчө абал 25-мартта саат 08:00дө башталып, 15-апрелге (08:00) чейин созулат.

Жогорку Кеңештин депутаттары 23-27-март аралыгында эл арасында коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн аймактарга чыгышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM