Биз менен байланышыңыз

Индияда 11 кыргызстандык коронавируска каршы карантинге түштү

Кыска кабар | 21 Мар 2020 | 638 | 0

Индиянын Хайдарабад шаарында Кыргызстандын 11 жараны карантинге алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады.

Алар азыр изоляцияга алынып, коронавируска текшерилет.

Кыргызстандын ичинде соңку маалыматтар боюнча коронавирус жуктургандардын саны 12ге жетти. Алардын 8и Сузак (Жалал-Абад облусу), үчөө Ноокат (Ош облусу) жана бир жаран Баткен (Баткен облусу) райондорунан катталган.

Copyright © 2017 Maral FM