Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 21 Мар 2020 | 373 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 22-мартта Республика боюнча жаан жаашы күтүлөт.

Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, тоолорго кар түшөт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Тоолорго кр түшөт.

Тоолуу жолдо тоңголок, тайгак болот. Батыштан ылдамдыгы 4-9 метрге жеткен шамал согот. Айрым райондордо шамалдын ылдамдыгы 15-20 м/с жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19

Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11

күндүз +18…+23

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +10…+15

Бишкек шаарында түнкүсүн жаа жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 17…19 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM