Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө улгайган адамдарды коронавирустан коргоо долбоору башталды

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 2249 | 0

JIA Бизнес-ассоциациясы жана «Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду «Апаатка такаат!» аталышындагы коронавируска каршы социалдык долбоорун баштады. Уюштуруучулардын айтымында, бул саамалык өлкөдөгү улгайган адамдарды коронавирустан коргоону көздөйт.

-Дүйнөдөгү Саламаттык сактоо тармагынын тажрыйбасы коронавирус илдетинин көбүнчө жашы 60тан өтүп калган кары адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө кооптуу экендигин көрсөттү.  Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин берген тизмесине таянсак, Кыргызстанда 4500 жакын багар-көрөрү жок кары адамдардын бар экени белгилүү. Аларга коронавируска каршы антисептикалык тазалоочу каражаттар жана эң негизги деп саналган азык-түлүктөр таратылат,-деп айтылат маалыматта.

Долбоорго өз салымын кошууну каалагандар төмөнкү жолдор аркылуу жардам бере алат:

ЭЛСОМ: 0770 00 40 44

Баланс:0770 00 40 44

МБанк:  0770 00 40 44

Ал эми суроолор боюнча +996 707 163 514 номуруна кайрылсаңыздар болот.

Copyright © 2017 Maral FM