Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадка коронавирусту аныктоого үчүн эки мобилдүү лаборатория жиберилди

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 365 | 0

Жалал-Абадка коронавирус жуктурууга шектелген учурду аныктоо үчүн эки мобилдүү лаборатория жиберилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 19-мартта брифингде билдирди. Анын айтымында, мобилдүү лаборатория коронавирус жуктурууга шектелген учурду аныктоо, жергиликтүү тургундарды тиешелүү анализдерден өткөрүү ишин жүргүзөт.

Министр кошумчалагандай, ар бир ооруканаларда жана «Манас» аэропортунда 24 саат бою нөөмөттөгү врачтар иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM