Бишкектеги «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнү (ЦУМ) коронавируска байланыштуу эртең, 19-марттан тарта карантинге жабылат. Мындай маалыматты ЦУМдун маркетинг бөлүмү билдирди. Карантиндин мөөнөтү качан аяктай тургандыгы азырынча айтыла элек.
Кыргызстанда бүгүн, 18-мартта коронавирус жуктурган алгачкы үч учур катталды.