Биз менен байланышыңыз

Сузакта коронавируска чалдыккандардын абалы туруктуу

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 733 | 0

Сузакта коронавируска кабылгандардын дене табы көтөрүлгөн эмес. Эч кандай оору боюнча кайрылышкан эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков Өкмөттө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда алар дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө турушат.

Алардын абалы оор эмес. Дене табы туруктуу. Жөтөлгөн жок. Жасалма дем алдыруучу аппаратка салынган эмес. Дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат. Азырынча аларда коронавирус чыкканы менен оорунун белгилери жок. Деген менен тийиштүү алгоритмден өтүп, 14 күн дарыгерлердин көзөмөлүнө алынышы керек.

13 күндөн кийин кошумча анализ алынат. Эгер баары жакшы болсо, алар үйлөрүнө чыгарылат, — деди Төлө Исаков.

Copyright © 2017 Maral FM