Биз менен байланышыңыз

Төлө Исаков: 12-мартта Саудиядан келген 135 жарандын баары текшерилүүдө

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 519 | 0

Коронавируска чалдыккан Сузактын тургундары менен кошо 12-мартта Сауд Арабиясынан келген 135 жарандын баары табылды. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын тегерегинен, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан болушат. Алардын баарынан анализ алынган.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков Өкмөттө өткөн брифингде билдирди.

Аны менен бирге министрдин орун басары Сузактагы коронавирус жуктурган 3 адамдан башка учурлар аныкталган жок деп билдирди.

Төлө Исаков коронавирус өлкөгө келди деп ызы-чуу болуунун кереги жок экенин айтып, сабырдуулукка чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Сузак районунда (Жалал-Абад облусунда) үч адамда коронавирус аныкталган. Алар 12-март күнү Сауд Арабиясынан келишкен – ал күнү жалпы 135 киши учуп келген. Мындан улам Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Ажылыкка барган учурда жарандардын тизмеси такталып, каттоо болорун, ал эми умрага (кичи ажылык) баруу өз алдынча жүргөндүктөн, баргандарды эч ким каттабай турганын белгиледи Төлө Исаков.

Copyright © 2017 Maral FM