Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Жүк ташуу үчүн ачык болгон өткөрмө пункттары [тизме]

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 756 | 0

Казакстандын чек ара кызматы жүк ташуучу унааларды өткөрүү үчүн ачык болгон өткөрмө пункттарын жарыялады:

Кыргызстан менен чектешкен:

«Карасу» өткөрмө пункту (Жамбыл обл.);

«Айша-биби» өткөрмө пункту (Жамбыл обл.).


Казакстанда 32 жаран коронавирус менен катталды


Өзбекстан менен чектешкен:

«Б.Конысбаева» өткөрмө пункту (Туркестан обл.);

«Казыгурт» өткөрмө пункту (Туркестан обл.);

«Тажен» өткөрмө пункту (Мангыстау обл.).

Түркмөнстан менен чектешкен:

«Темир баба» өткөрмө пункту (Мангыстау обл.).

Кытай менен чектешкен:

«Нуржолы» өткөрмө пункту (Алматы обл);

«Достык» өткөрмө пункту (Алматы обл.);

«Бахты» өткөрмө пункту (Чыгыш-казакстан обл.);

«Майкапчагай» өткөрмө пункту (Чыгыш-казакстан обл.).

Орусия менен чектешкен:

«Кайрак» өткөрмө пункту (Костанай обл.);

«Жана Жол» өткөрмө пункту (Түндүк-казакстан обл.);

«Каракога» өткөрмө пункту (Түндүк-казакстан обл.);

«Шарбакты» өткөрмө пункту (Павлодар обл.);

«Урлитобе» өткөрмө пункту (Павлодар обл.);

«Косак» өткөрмө пункту (Павлодар обл.);

«Ауыл» өткөрмө пункту (Чыгыш-Казакстан обл.);

«Убе» өткөрмө пункту (Чыгыш-Казакстан обл.);

«Жайсан» өткөрмө пункту (Актөбе обл.);

«Алимбет» өткөрмө пункту (Актөбе обл.);

«Сырым» өткөрмө пункту (Батыш-казакстан обл.);

«Таскала» өткөрмө пункту (Батыш-казакстан обл.);

«Жанибек» өткөрмө пункту (Батыш-казакстан обл.);

«Курмангазы» өткөрмө пункту (Атырау обл.).

Сырткы экономикалык кыймылдар үчүн маалымат

Казакстандын чек арасы аркылуу өтүп эл аралык жүк ташууда төмөнкү шарттардын аткарылуусу кажет:

1. Жүктөрдү алып өтүүдө карантин эрежелери жана санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталууга тийиш.

2. Жарандыгы кандай болбосун айдоочулар чек арадан өткөндө сөзсүз жалпы жарандык паспортун колдонууга милдеттүү.


Казакстанга 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Ошондой эле, казакстандык жарандарга 15-апрелге чейин өлкө сыртына чыгууга тыюу салынды.

Борбор Азия боюнча Өзбекстанда да вирус катталган, алардын саны 11ге жетти.


Дарига Назарбаева казакстандыктарга кайрылуу жасады

Copyright © 2017 Maral FM