Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстандын Премьер-Лигасынын оюндары 11-апрелге чейин токтотулду

Кыска кабар , Спорт | 17 Мар 2020 | 474 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын Премьер-Лигасы коронавируска байланыштуу 11-апрелге чейин токтотулду. Мындай чечим бүгүн, 17-мартта Кыргызстан профессионалдык футболдук лигасынын (КПФЛ) жыйынында кабыл алынды.

Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында коронавирустун дүйнөлүк пандемияга айланып кеткени айтылып, Лиганын оюндарын убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды. Мелдештин 2-3-турундагы оюндар июнь айына жылдырылды, — деп айтылат маалыматта.

14-мартта Кыргызстандын Премьер-Лигасынын жаңы сезону старт алган. Анын жыйынтыгы:

1-тур

“Каганат” – “Алга” — 0:0

“Абдыш-Ата” – “Кара-Балта” — 2:0

“Лидер” – “Нефтчи” — 0:1

“Дордой” – “Илбирс” — 6:1.

Оштун “Алай” клубу бул айлампада ойногон жок.

Copyright © 2017 Maral FM