Футбол боюнча Кыргызстандын Премьер-Лигасы коронавируска байланыштуу 11-апрелге чейин токтотулду. Мындай чечим бүгүн, 17-мартта Кыргызстан профессионалдык футболдук лигасынын (КПФЛ) жыйынында кабыл алынды.
Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
— Жыйында коронавирустун дүйнөлүк пандемияга айланып кеткени айтылып, Лиганын оюндарын убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды. Мелдештин 2-3-турундагы оюндар июнь айына жылдырылды, — деп айтылат маалыматта.
14-мартта Кыргызстандын Премьер-Лигасынын жаңы сезону старт алган. Анын жыйынтыгы:
1-тур
“Каганат” – “Алга” — 0:0
“Абдыш-Ата” – “Кара-Балта” — 2:0
“Лидер” – “Нефтчи” — 0:1
“Дордой” – “Илбирс” — 6:1.
Оштун “Алай” клубу бул айлампада ойногон жок.