Connect with us

Аба ырайы: 18-мартта көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 1545 | 0
Автор: Зефер Динжер

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 18-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: 7…..12.… күндүз: 13……..18°

Талас облусунда:

түнкүсүн: 4…..9.….күндүз: 13………18°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 8……13….күндүз: 21……..26°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 7……12….күндүз: 22………27°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -1……4..….күндүз: 10……..15°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: 0……-5…..күндүз: 9.……14°C

18-мартта Бишкекте түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…….12°C, күндүзү 15………17°C.

Copyright © 2017 Maral FM