Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө жайына барып, жөө жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу унааларды өткөрүү учурунда текшерүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
— Учурда кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө-көзөмөл жайларында кооптуу инфекциянын өлкөгө кирүүсүнө жол бербөө боюнча медицина, чек ара жана ветеринария кызматтары белгиленген тартипте иштеп жатышат. Бекет аркылуу өткөн ар бир унаа жана бардык жүктөр дезинфекцияланууда, — деп белгиледи Кубатбек Боронов.
«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө жайында жөө жүргүнчүлөрдү медициналык текшерүү шарттары талаптагыдай жүрүүдө, зарыл болгон шартта тез жардам кызматы уюштурулган.
Минюра
17.03.2020 13:25
Будем надеяться что все сотрудники добросовестно выполняют свои обязанности. (Кыргызчылык кылбай)