Биз менен байланышыңыз

Бразилияда 400 туткун түрмөдөн качты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 349 | 0

Бразилиянын Сан-Паулу штатынын түштүк-чыгышында жайгашкан Монгагуа шаарындагы түрмөдөн 400гө жакын айыпталуучу качып кетти. Бул тууралуу G1 порталы жазды.

Окуя 16-март кечке жуук орун алган.

Маалыматка караганда, жартылай ачык түрүндөгү түзөтүүчү колонияда түрмө кызматкерлерин туткунга алган соң качып кетишкен. Колония кызматкерлеринин дагы деле айыпталуучулардын колунда кепилдик катары кармалып турганы айтылууда. Полиция кызматкерлери аларды бошотуу үчүн келишим түзүүгө аракет кылганы маалымдалган.

Полиция качкан айыпталуучуларды кармоо үчүн туш-тарапты тинтүүнү баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM