Биз менен байланышыңыз

Вашингтондо үйүнөн беткапсыз чыгууга тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 631 | 0

Бүгүн, 23-июлга карата дүйнөдө 15 млн 300 миңден ашык адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын ичинен 9 миллион 300 миңден ашык адам айыгып, аталган оорунун кесепетинен 625 миңден ашык адам көз жумганы Жонс Хопкинс университетинин маалыматында айтылат.

Бейтаптардын эң көбү же 3,9 млн адам Америкада. 2-орунда Бразилия 2,2 млн бейтап менен, ал эми Индия 1,1 млн адам менен 3-орунда турат.

Каза болгондордун саны боюнча алдыңкы 3 өлкө:

  • АКШ — 142,9 миң;
  • Бразилия — 81,4 миң;
  • Улуу Британия — 45,5 миң.

Роберт Кох Институтунун маалыматына ылайык, Германияда бир күндө коронавирус инфекциясынын 569 учуру аныкталды. Эпидемиянын башталышынан бери катталган инфекциялардын жалпы саны 202 миң 799 адамга жетти. Алардын ичинен 189 миң адам айыгып, өлгөндөрдүн жалпы саны 9101ге жетти.

Reuters агенттиги билдиргендей, Бразилияда күн сайын коронавирустун тастыкталган учурларынын саны рекорддук түрдө көбөйүп, Латын Америкасындагы инфекциялардын жалпы саны 4 миллиондон ашты.

Шаршемби күнгө карата Бразилияда коронавирустун жаңы 67 миң 860 учуру катталып, ошол эле учурда  1 284 адам каза болгон. Латын Америкасынын эң ири өлкөсүндө эпидемия башталгандан бери инфекциялардын жалпы саны 2,2 миллиондон ашып,  82 миң 771 адам көз жумду.

Америка Кошмо Штаттарынын борбор шаары Вашингтондо эпидемияга каршы чаралар күчөтүлдү. Эми шаар тургундарына үйлөрүн беткапсыз чыгууга тыюу салынды. АКШда эпидемия башталгандан бери 4 миллион адам коронавирус жуктуруп, дээрлик 143 миң адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM