Биз менен байланышыңыз

Түркияда коронавирусту жуктургандар 50гө чамалады

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 497 | 0

Түркияда коронавирус менен катталгандардын саны 47ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы 29 жагдай түз же кыйыр түрдө Америка, Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүнөн келгендер менен байланыштуу. Ошондой эле, вируска чалдыккандардын үчөөсү жакында эле Мекке жана Мединада кичи ажылык өтөп келгендер.

Эске салсак, учурда Түркияда умрадан келген 10 миңден ашык жаран карантинде турушат.

17-марттан тарта беш маал чогулуп намаз окуу жана жума намаздарына чектөө киргизилди. Учурда өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча талкуу жүрүп жатат.

Андан сырткары, 18-марттан 1-майга чейин Орусия барууга чектөө киргизилди.


Коронавирус 150дөй өлкөгө жайылды [тизме]

Copyright © 2017 Maral FM