Биз менен байланышыңыз

Өкмөт 14 түрлүү товардын баасын көтөрүүгө чектөө киргизди

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 1571 | 0

Бир нече күн мурда биз айрым азык-түлүк продуктуларынын баасынын жогорулашына туш болдук. Өкмөттүн чечими менен азык-түлүк продуктусунун 11 түрүнө бааны көтөрүүгө чектөө киргизилүүдө, алар – ун, кант,  өсүмдүк майы жана башкалар. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу боюнча Өкмөттүн кабыл алган чараларын талкуулаган кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

«Ошентип, соодагерлер бааларды негизсиз көтөрүп жана аларды өздөрү каалаган баада сата алышпайт. Баалар катуу жөнгө салынат, спекулянттарга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Базарлардагы жана соода жайларындагы бааларды тиешелүү кызматтар, райондордун акимдери жана ыйгарым укуктуу өкүлдөр тыкыр көзөмөлдөп турушат. Жарандар бааларды жогорулатуу учурлары боюнча түз байланыш телефондоруна кайрыла алышат. Өлкөдө азык-түлүк жана башка күнүмдүк керектелүүчү товарлардын запасы жетиштүү», — деди Өкмөт башчысы.

Жыйындын соңунда көзөмөл-өткөрүү жайларындагы, ошондой эле бааларга мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө, калк арасында вирустук илдеттердин алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Казакстан, Өзбекстан менен кандайдыр бир коркунучтар, бизнес чөйрөдөгү маселелер жок, жүк ташуулар кадимки режимде жүргүзүлүүдө жана жүргүзүлөт.

Өкмөт төмөнкү 14 түрлүү товардын баасын көзөмөлдөйт:

  • Буудай уну;
  • Нан;
  • Майлуулугу 2.5-3.2% болгон сүт;
  • Өсүмдүк майы (күн карама жана пахта);
  • Каймак майы;
  • Эт (уйдун, койдун, чочконун жана канаттуулардын);
  • Кум шекер;
  • Күрүч;
  • Макарондор;
  • Жумуртка;
  • Картошка;
  • Көмүр;
  • Бензин АИ-80 жана АИ-92, дизелдик күйүүчү май.
  • Суюлтулган газ.

Copyright © 2017 Maral FM