Коронавирус илдети болуп көрбөгөндөй кулачын жайган Италиянын Бергамо шаарында врач болуп эмгектенген Роберто Козентинонун айтымында, ооруканага күнүгө 60-80ден киши түшүп жатат. Вирусту жуктургандардын бардыгынын абалы оор. Пандемиянын качан токтоору белгисиз. Адис пандемияны жаратылыш кырсыгы менен салыштырды. Ал бул тууралуу италиялык La Repubblica гезитине берген маегинде билдирди.
«Ломбардия учурда жер титирөөнүн борбору сыяктуу эле болду. Мунун баш-аягы көрүнө тургандай эмес. Күн сайын илдетти жуктургандар көбөйүп, ооруканалар вирусту жуктуруп алгандарга жык толгон. Эгерде бизге жаңы койкаларды коюп беришпесе, кошумча медайымдар жана доктурлар менен камсыз кылышпаса, мындай шарттарда биз канчага чейин туруштук берерибиз белгисиз”, — деди 60 жаштагы бергамолук доктур Роберто Козентини. Бул адис Бергамодогу Папа Иоанн XXIIIтүн Жогорку адистешкен тез жардам борборунун жетекчиси кызматын аркалайт. Аталган медициналык борбор Италиядагы өпкөнү инвазимдүү эмес жол менен иштеткен алдыңкы мекеме болуп эсептелет.
Үч жумадан бери Роберто Козентини 26 врач жана медайымдардан турган командасы менен күнү-түнү Covid-19 вирусу менен күрөшүп, ооруканада жашоо кечирип жаткандыгын айтат. Робертино Козентини – оор кырдаалда өзүн жоготуп койбогон тажрыйбалуу клиницист. Андан Ухандагы кытай кесиптештери да курч өпкө оорулары жанданганда кеңеш алып турушкан. Ал өзүнө канчалык ишенимдүү болгонуна карабай, биринчи жолу адамзаттын саламаттыгы үчүн терең тынчсызданып жатканын билдирди.
“Коронавирустун динамикасы өзгөргөндүгүнөн улам, менин клиникама күнүгө вирусту жугузуп алган 60-80 адам кайрылып жатат. Алардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Бардыгынын тең абалдары оор. Алардын жаш курактары ар кандай. Буга чейин ден соолугу чың, куландан соо адамдар келип түшүп жатышат. Эгерде бул вирустун толкуну токтобой турган болсо, саламаттык сактоо системасы күм-жам болот. Бул вирустун феноменин табийгый катаклизмалар менен салыштырсак боло тургандай болуп калды”.
La Repubblica: Эмне үчүн сиз өзгөчө кырдаалды жер титирөөгө салыштырдыңыз?
Роберто Козентини: Бул кризистин циклдүүлүгүнөн улам болуп жатат. Вирус жайылып жаткан алгачкы учурларда ооруканага дене табы анча жогору эмес жана өпкөсү анча жабыркабаган адамдар кайрылып жатышкан. Азыр болсо кырдаал кескин өзгөрүп, күндүз эле дене табы жогору көтөрүлгөн, пневмониянын оор түрү менен келип түшкөндөр көбөйдү. Бардыгына аппарат менен өпкөсүнө жасалма дем алдыруу талап кылынып, интенсивдүү дарылануу талап кылынып жатат. Күнүгө 16-18 саат аралагында өзгөчө абалдардын жаңы толкуну пайда болуп жатат. Мындай акыбал катуу жер титирөө учурунда гана болчу. Ал эми бизде бул абал үч жумадан бери созулуп жатат. Акыры көрүнө тургандай эмес.
— Өзгөрүүнүн себеби эмнеде?
— Алгач вируска паталогиясы бар кары адамдар туш болушкан. Ал эми бүгүнкү күндө алардын катарында ден соолугу мыкты деген жапжаш адамдар кабылып жатышат. Алар үй шартында ар кандай дарылар менен дарылангандыгы белгилүү болду. Биз пневмониянын жеңил этабынан өтүп, оор учурларына туш болуп отурабыз.
— Сиз эмне үчүн оору менен күрөшүүдө бир канча күнгө гана туруштук бере алабыз деп ойлоп жатасыз?
— Демейдеги өпкөнүн сезгенишинде пациенттердин дене табынын көтөрүлүшү 3-4 күндө түшчү. Ал эми Covid-19 вирусунан улам өпкөдө пайда болгон сезгенүүдө эттин ысуусу 8-9 күнгө чейин уланууда. Интенсивдүү терапия бөлүмүндө койкалар жетишпей, оорулуулар көбүрөөк убакытка кармалып калып жатышат. Ал улам кайрылган оорулуулар барган сайын үч эсеге көбөйүп бара жатат. Бул канча мөөнөткө созулары белгисиз. Биз койкалардын санын көбөйтпөсөк, өмүрүнө коркунуч жаралып жаткан пациенттерди кабыл алып жана аларды дарылай турганга чамабыз жетпей калат.
— Окуялардын өнүгүшүнө кантип даярданып жатасыздар?
— Биз вирусту жуктуруп алгандарды үч категорияга бөлүп жатабыз: вирус инкубациялык абалдагыларды өзүнчө; өпкөсүн вентиляциялай турган оор эмес абалдагы пациенттерди өзүнчө; ошондой эле абалы оор пациенттерди өзүнчө жайгаштырып дарылап жатабыз. Эгер булардын бардыгы тең бир ооруканада кала турган болсо, система туруштук бере албай калат.
— Сиз оор абалдан чыгуунун кандай жолун сунуштайсыз?
— Инфекция талкалап жаткан Италиянын түндүгүндө жайгашкан Бергамо, Миландан Пьяченцо жана Кремонага чейин кеп кыла турган болсок, терапия борболорун жайгаштыруу үчүн көптөгөн медициналык мекемелерди даярдаш керек. Буга жеке мекемелер жана аскердик госпиталдар аздык кылат. Карылар жайгаштырылган мекемелер жана борборлор бошотулуп ооруканаларга ылайыкташтырылышы керек. Мени окуялардын мындай өнүгүшү өлкөнүн башка аймактарында да, өзгөчө түштүк жакта кайталанышы мүмкүн деген ой чочутуп турат.
— Сиз өз ишиңизди кантип уюштурдуңуз?
— Биз нөөмөттөрдү кардиналдуу түрдө өзгөрттүк. Бардыгы болу 26 врач жана медайымдарыбыз бар. Алардын бирөө гана вируска чалдыгып калды. Химиялык коргоо кийимин кийген реаниматолог болгону алты саат гана иштей алат. Тилекке каршы, бүгүн ал 10-12 сааттан иштеп жатат. Биз пластицирленген халаттарды колдонуп жана жеке коопсуздук каражаттарын пайдаланып, мурдагыдай жети сааттан эмес, 12 саттан иштеп жатабыз. Учурда үч нөөмөткө бөлүнүп алып иштеп жатабыз. Бирок жумуштун оор бөлүгү күндүзгү нөөмөткө туш келип жатат.
— Сиз вирустун таркалышындагы кандайдыр бир өзгөчөлүктү байкадыңыздарбы?
— Биз көп нерсени үйрөнүп жатабыз. Байкоолорубузга караганда, айыгуунун мөөнөттөрү созулуп жатат. Вирустун өзүнүн агрессивдүүлүгү жана пневмониянын оордугу биз үчүн ачылыш болду. Бул нерсе вирустун таркалышы боюнча азыркы абалды баштапкы божомолдордон айырмалап турат..
— Эмне үчүн Италия мындай соккуга дуушар болду деп ойлойсуз?
— Биз муну билбейбиз, жана бул фактынын бир канча күндөн кийинки реалдуулугу да биз үчүн белгисиз. Биз ишенимдүү түрдө айыгып кеткен адамдын вирусту кайра жуктуруп албайт деп кепилдик бере албайбыз. Биздин Европадагы кесиптештерибиз вирус менен курөшүүгө даяр туруу үчүн бизден маалыматтарды сурап кайрылып жатышат.
— Covid-19дун кесепети кандай болот деп ойлойсуз?
— Саламаттык сактоо системасы дээрлик башка жол менен аракет кылып, коом да таанылгыс болуп өзгөрөт. Биздин шаарларыбыз жана жашоо стилибиз мурункудай болбойт. Ошондуктан мен адамдарды үйүнөн чыкпоого үндөйм. Алар бизге дарыгерлерге жардам берүү үчүн эмес, реалдуу катастрофадан алыс болуу үчүн ушундай жолго барышы керек.