Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Ыктыярчылардын айып пулдарын кечүү маселеси алигиче чечиле элек

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 632 | 0

Карантин учурунда вируска кабылган оор абалдагы бейтаптарды шашылыш түрдө ооруканага жеткирүүдө бир катар ыктыярчылардын жол эрежесин бузуулары «Коопсуз шаардын» камераларына катталып калган. Алардын арыздарынын негизинде айып пулдары кечириле тургандыгы айтылган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин маселе чечилбей, бюрократия болуп, «мэрияга, саламаттыкты сактоо министрлигине баргыла» деп жөнөтүп, туура эмес мамиле болуп жатканын депутат Марлан Маматалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

«Ыктыячыларды керек болсо, «Силерди бирөө чык деди беле?» — дегенге чейин барып жатышыптыр. Андай мамиле болбойт. Комиссия түзүп, маселесин карап, чечип берип койсо болот эле. Ошондогу жол эрежелерин бузуулары боюнча айып пулдары дагы деле үйлөрүнө келип жатыптыр. Мына ушул маселеге көңүл буруп койсоңуздар«, — деди Маматалиев.

Анын айтымында, ыктыярчылар ойноп, жыргаганынан жол эрежесин  бузган жок. «Коопсуз шаардын» камераларына катталып калган аларды коргонуу кийимдеринен деле таанып койсо болот.

Copyright © 2017 Maral FM