Биз менен байланышыңыз

10-апрель: Коронавирус дагы 18 адамда аныкталды

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 1104 | 0

10-апрель саат 10.00гө карата Кыргызстанда COVID-19 менен катталган жаңы учурдун саны 18. Алардын ичинен бешөө медкызматкерлер. Бардыгы 298 учур. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Жаӊы катталган 18 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:
Бишкек шаарында – 6;

Чүй облусунда — 8;
Жалал-Абад облусунда – 3;
Ысык-Көл облусунда – 1.

Кыргызстанда жалпы тастыкталган 298 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:
Жалал-Абад облусунда – 89;
Ош облусунда – 98;
Чүй облусунда – 15;
Баткен облусунда – 4;
Ош шаарында – 36;
Бишкек шаарында – 42;
Нарын облусунда – 10;
Ысык-Көл облусунда – 4 .

Катталган учурлардын ичинен: 154 –аял, 144 – эркек, жаӊы 18 учурдун ичинен 7 аял, 11 эркек.

Кыргызстанда жалпы коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 39га жетти.

Copyright © 2017 Maral FM