Биз менен байланышыңыз

Президент менен ыктыярчылар жолукту. Катышкандардын тизмеси

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 3010 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска каршы күрөшүүдө мамлекетке жардам берип жаткан ыктыярчылар менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Жолугушууга ыктыярдуу кыймылдардын 12 мүчөсү катышты.

Жолугушууга келгендердин тизмеси:

  • Элдар Шабданов — «Бирге» ыктыярчыларды координациялоо борборунун өкүлү;
  • Тынчтык Алтымышев — журналист, «Элден — элге» жана «Элдик медиктер» кыймылдарынын координатору;
  • Наталья Гребнева — «Руки любви» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү;
  • Айзада Жамгырчиева — журналист, алып баруучу;
  • Анжелика Кайратова — меценат, ырчы;
  • Урмат Насыкулов — «Биз барбыз» ыктыярчылар штабынын жетекчиси;
  • Эркин Рыскулбеков — шоумен, «Элим, барсыңбы» ыктыярчылар бирикмесинин өкүлү;
  • Бабур Төлбаев — меценат, «Мол Булак Финанс» микрокредиттик компаниясынын жетекчиси;
  • Бермет Усубалиева — Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун өкүлү;
  • Нуриля Чолпонбаева — «Поколение Best!» коомдук бирикмесинин жетекчиси;
  • Абдурахманхаджи Муртазалиев — спортчу, ыктыярчы;
  • Аскар Алмаз уулу — демилгелүү жаштар тобунун өкүлү.

Кыргызстанда бир топ жарандар коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө өкмөткө жардам берип жатышат. Ошондой эле чет жактардагы кыргыз мекендештер да түрдүү жардамдарды жиберишүүдө. Бир топ атайын эсептер ачылып, акча чогулткандар да арбын. Мындай акцияларды ишкерлер, шоу-бизнестин өкүлдөрү, жөнөкөй жарандар колго алышууда.

Мындан тышкары, ыктыярчы катары медиктердин ишин жеңилдеткен топтор да бар.


Президент менен ыктыярчылардын жолугушуусу (фото)


Президент менен жолуккан ыктыярчылардын бири Тынчтык Алтымышев жолугушууда эмне маселелер көтөрүлгөнүн өздүк баракчасында жазып чыкты. Анда жазылгандай, жолугушуу учурунда өкмөттүн чабалдыгы, пандемияда элди эл эле сактап жаткандыгы айтылган.

Тынчтык Алтымышевдин өлкө башчы менен жолугушуудагы сунуштары:

-Ыктыярдуу жүздөгөн айдоочулардын, медайымдардын эрдиги, эмгеги эске алынышы керектиги;

-Дарыгерлердин коопсуздугунун сакталышы, айлык-акыларын кечиктирүүсүз, убагында төлөө;

-Кредит-насыя маселеси, баардык банктар кредиттердин мөөнөтүн оруу-жыюу аяктаган ноябрь айына чейин узартып, үстөк пайыздарын өстүрбөй, тоңдуруп турушун сунуштады.

Ыктыярчылардын дагы бири Эркин Рускулбеков прездент менен жолугушууда сөз эркиндиги тууралуу да айткан. Бул тууралуу ал твиттердеги барачасына жазды:

-Эпидемия туугандарыбызды, жакындарыбызды алды, пандемиянын кесепетинде жумушубуз токтоп, карантиндин айынан көчөдө каалагандай жүрүү эркиндиги чектелди. Бизде азыр сөз эркиндиги гана бар. Сөз эркиндигин чектебеңиз. «Маалыматты манипуляциялоо» боюнча мыйзамга вето киргизиңиз!

Copyright © 2017 Maral FM