Биз менен байланышыңыз

Коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгондорду аныктоо уланууда

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 675 | 0

Коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон жарандарды аныктоо боюнча иштер уланууда. Инфекция чыккан жерлерди дезинфекциялоо боюнча күчөтүлгөн иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында өткөн Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Штабдын жыйынында коронавирус менен ооругандарды дарылоо жайларында иштеген медицина кызматкерлерин жетиштүү камсыздоо боюнча маселе көтөрүлдү.

Бүгүнкү күнү отуздан ашуун медициналык кызматкерге коронавирус жуккан. Бул кайталанууга болбой турган кейиштүү учурлар. Ишке тартылган бардык медицина кызматкерлери коргоо кийимдери жана өздүк коргонуу каражаттары менен максималдуу түрдө корголушу керек. Ушул маселе боюнча кемчилдиктерди кетирген жооптуу адамдар жазаланат, — деди Кубатбек Боронов.

Ал белгилегендей, жер-жерлерде өндүрүштүк ишканалардын ишмердүүлүгү үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктар болбоого тийиш.

Ички иштер министрлигине калктын жана унаалардын кыймылын тартипке келтирүү, үйдөн тышкары чыгууларды болушунча азайтуу тапшырылды..

Медицина мекемелерин жасалма дем алдыруучу жабдуулар менен кошумча камсыздоо боюнча маселелер иштелип чыгууда.

Copyright © 2017 Maral FM