Биз менен байланышыңыз

Артем Новиков коронавирус менен күрөшкөн республикалык штабды жетектейт

Кыска кабар | 13 Фев 2021 | 729 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

«Республика боюнча коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы жалпысынан жайлап бара жатат. Статистика көрсөткөндөй, илдеттен айыккандардын саны (90 адам) ооругандардын санынан (70 адам) жогору болууда. Өлкө боюнча бош орундардын саны жетиштүү. Буга катар дүйнөдө коронавирус инфекциясынын мутациясы жүрүүдө.  Буга байланыштуу биз өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына алып келүүчү ар кандай тобокелдиктерди четтетүүгө даяр болушубуз керек. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эпидемиологиялык абалдын начарлашына жараша бардык Медициналык түзүмдөрдү ыкчам жайгаштыруу планын даярдашы тийиш. Мындан тышкары, ведомствонун жетекчилигине калкты COVID-19дан вакцинациялоо графигин түзүү жана өлкө боюнча муздаткыч жабдууларынын тутумун даярдоосу тапшырылды. Зарыл болгон учурда Экономика жана финансы министрлиги тарабынан тийиштүү финансылык ресурстар бөлүнөт», — деди Артем Новиков.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымдагандай, учурда COVID-19 илдетин ар жумалык каттоо тенденциясы туруктуу болууда. Аталган көрсөткүч акыркы 2,5 ай мезгилинде байкалууда. 2021-жылдын 12-февралына карата статистика жайлап баштаган. Абал көзөмөлдө турат. Республика боюнча резервдик орундарды эске албаганда, 1985 орун бар, анын 459 орунунда бейтаптар дарыланууда. Зарыл болгон учурда дагы орундар ачылат. Саламаттык сактоо мекемелеринде дары-дармек каражаттарынын, медициналык багыттагы буюмдардын, жеке коргонуу каражаттарынын эки айга жетиштүү запасы бар.

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков маалыматты уккан соң,  Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине эпидемиологиялык абалдын начарлашы ыктымалдыгына карай бардык стационарларды дары-дармек каражаттары, орундар менен камсыздоону жана алардын даярдыкта болуусун тапшырды. Медициналык мекемелерди февралдын соңуна дейре балдар үчүн дары-дармектер менен камсыздоо, ошондой эле кислород берүү тутумун орнотуу, кадрлардын жетишсиздиги маселесин чечүү жана кыска мөөнөттө кошумча койкаларды ачуу зарыл.

Мындан тышкары, келечекте өлкө боюнча жетишсиз болуп жаткан медициналык багыттар боюнча адистерди бюджеттик негизде окутуунун мамлекеттик программасын даярдоо жана капиталдык жана учурдагы ремонтко муктаж болгон жугуштуу оорулар бөлүмү каралган ооруканалардын тизмесин сунуштоону тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM