Биз менен байланышыңыз

Оорканаларга көрсөтүлгөн жардамдарды координациялоо үчүн «Бирге» платформасы түзүлдү

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 547 | 0

Кыргызстанда медициналык мекемелерге көрсөткөн ыктыярчылардын жардамын координациялоо үчүн birge.pro платформасы ишке кирди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, «Бирге» платформасынын максаты– медициналык мекемелерге жардам көрсөтүү жана колдоо маселелерин чечүү боюнча иш-аракеттерди максималдуу мобилизациялоо.

— «Бүгүнкү күндө көптөгөн ыктыярчылар жана жөнөкөй жарандар медициналык мекемелерге жана медициналык кызматкерлерге жардам берип жатат. Белгилей кетүүчү жагдай, координациянын жоктугунан улам жардам кайталанып, айрымдарына дээрлик жетпей да жатат» , —  деп билдирди «Бирге» ыктыярчылар штабынын өкүлү Эльдар Шабданов.

Анын айтымында, медиктер менен байланышта болгон ыктыярчылардын милдеттерин пландай турган сайтта тигил же бул ооруканага эмне жетишпей жаткандыгы тууралуу маалымат жайгаштырылат. Ар бир каалоочу билдирмени көрүп, аны аткарууга алса болот. Платформа билдирменин аткарылышын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Өз кезегинде, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Адилет Абылов бул платформаны бирдиктүү мамлекеттик портал катары интеграциялоо пландалып жатканын кошумчалады, анда баарына жеткиликтүү боло турган бардык маалыматтык ресурстар жайгаштырылмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM