Биз менен байланышыңыз

Ош: Ундун баасын көтөргөндөр мыйзам чегинде жооп берет

Кыска кабар | 15 Мар 2020 | 865 | 0

Ош шаарында ундун запасы жетиштүү. Учурда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсатаров билдирди.

Ишкерлер ун кампалардан унду 1350 сомдон алып, жолдо туруп унду 2000 сомдон саткан фактыга күбө болдук. Заводдон 200 метр алыстыкка алып келип, ушунтип ортомчулар өз билемдик менен бааны кымбаттатып жатат. Бааны көтөргөндөр мыйзам чегинде жооп берет, — деди Азамат Абсатаров.

Ошондой эле, ал 1000 тонна буудай Ош шаарындагы «Тулпар ун» комбинатына келе жатканын жана 150 тонна ундун запасы бар экендигин кошумчалады.

Мындан сырткары, өз алдынча бааны көтөргөндөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көзөмөл күчөтүлгөнүн кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM