Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуу үчүн эч кандай тоскоолдук жок

Кыска кабар | 15 Мар 2020 | 474 | 0

Кечээ, 14- мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчылар эки өлкөнүн жарандары жана товарлар чек арадан тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларынын мындан ары да ырааттуу жана макулдашылган ишин камсыз кылуу боюнча маселеге өзгөчө көңүл бурушту.

Бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуу үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок экендиги баса белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM