Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы Аламүдүн районунун Грозд айылындагы абал боюнча түшүндүрдү

Без рубрики , Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1162 | 0

Бүгүн, 16-апрелде кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде чек ара режимин жана мамлекеттик чек араны бузуу фактылары катталган жок. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Гроздь айылынын жанында Чу дарыясынын жээгинде «Чекиш-Ата» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүп жаткан иштер республиканын чек ара мыйзамын бузбайт, себеби бул аймак чек ара тилкесине кирбейт, ал эми чек ара сызыгы бул участокто Чу дарыясынын ортосу менен өтөт.

Чек ара кызматы чарбалык иштерди жүргүзүүгө уруксат берилген кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чек арага канатташ аймактардагы абалга көзөмөл жүргүзүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM