Биз менен байланышыңыз

USAID коронавирус менен күрөшүүгө коргонуу жабдыктарын тапшырды

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 412 | 0

USAID уюму Саламаттыкты сактоо министрлигине медициналык коргонуу жабдыктарын тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Медициналык жана башка кызматкерлер үчүн 10 миң хирургиялык маска, 10 миң мээлей, 1,4 миң хирургиялык костюм жана 200 коргоочу көз айнек берилди.

Берилген жабдык инфекциялык оорулардан коргоо боюнча эл аралык стандарттарга жооп берет.

Аталган жабдыктар карантин аймактарында иштеп жаткан жана Кыргызстанга келген адамдарды тосуп жаткан дарыгерлердин сактыгына өтө маанилүү.

Коронавирус менен күрөштө USAID Кыргызстанга колдоо көрсөтүүнү улантмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM